Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:14

Уго Чавеске эл ишеним көрсөттү


Венесуэлада өткөн референдумда 58 пайыз добуш алган Уго Чавес кубанганынан резиденциядагы үйүнүн түбүнө чогулган эл менен кошулуп ырдады. Шайлоочулардын 40 пайызы анын бийликтен кетишин талап кылган. Бул референдум өлкөдөгү оппозициячыл саясатчылардын демилгеси менен болду. Бул күчтөр Уго Чавеске диктатор жана өлкөнүн экономикасын талкалады деген айыптарды тагышууда. Президенттин айтымында, эл аралык коомчулук алдында чоң демократиялык окуя болду:

- Бизди бүт дүйнө жүзү карап турат. Бул референдум Венесуэладагы демократиялык окуя катары дүйнө эсинде калат, - дейт Уго Чавес.

Байкоочулардын баамында, жалпысынан референдум тынч өттү. Бир гана кайгылуу окуя катталган. Каракастагы добуш берүү участкаларынын биринде атышуу болуп, бир аял набыт болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG