Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:23

Улуттук конференция жоочулар менен сүйлөшүүгө барууну чечти


Делегаттар Нажаптагы кан төгүүнү токтотуш үчүн Муктада ас–Садр башында турган шийи жоочуларына сүйлөшүүгө делегация жөнөтүү чечимин кабыл алышты. Бул жыйын убактылуу мыйзам чыгаруучу орган боло турган Улуттук ассамблеяны шайлашы керек. Курамы жүз кишиден турган убактылуу парламент алдында өкмөт ишин көзөмөлдөп, январдагы шайлоолорго кам көрүү милдети турат. Нажап калаасында коалициялык күчтөр менен шийи жоочулары ортосунда айыгышкан салгылаш кечээ кайрадан башталган. Ирак бийлиги бул шаардан бардык журналисттерди чыгып кетүүгө чакырды. Ал эми Муктада ас-Садырдын өкүлү шийилер улуттук жыйын жиберчү делегация менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Ирактын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргенге караганда, соңку 24 саат ичинде жалпы Ирак боюнча 19 адам өлтүрүлүп, 101 адам жарадар болду.

XS
SM
MD
LG