Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:20

Олимпиада жаңылыктары


Афинадагы мелдештердин өткөн үч күнүнүн жыйынтыгында жеңип алынган медалдардын саны жагынан көч башында мурдагыдай эле Кытай келе жатат. Кытайдын 15, анын ичинде 10 алтын медалы бар. Медалдардын саны боюнча азырынча экинчи орунда Австралия, үчүнүдө Жапония, төртүнчүдө АКШ турууда. Кечээ Жапониянын эркек гимнастчыларынын командасы алтын медалды жеңип алды. Бул - Олимпиадада Жапониянын командалык эсепте 1976-жылдан бери алгачкы ирээ жеңишке жетиши. Эркек гимнастчылардан күмүш медалды АКШнын, колону Румыниянын командасы алды. Ошондой эле кечээ 200-метрге сууда эркин сүзүүдө австралиялык суучул Ян Торп олимпиадалык жаңы рекордду жаратып, алтын медалга арзыды.

Кыргызстандык боксчу Айбек Абдимомунов бүгүн алгачкы оюнунда пакистандык боксчу менен таймашка чыгат. Эгер ал алгачкы мелдеште жеңишке жетишсе гана кийинки айлампага жол ачылмакчы. Кыргызстандык бокчулардын экинчиси Асылбек Таласбаев кечээ рингде кубалык боксчу менен беттешип, утулуп калды.

Кыргызстандык мерген Александр Бабченко да кечээги мелдештердин жыйынтыгында алдыңкы топтогулардын катарына кошула алган жок. Афинадагы бүгүнкү мелдештерге катышуучулардын арасында кыргызстандык велоспортчу Евгений Ваккэр жана дзюдочу Эркин Ибраимов бар.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG