Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:51

АКШ Грузия менен Түштүк Осетияны ок атышпоого чакырды


Мамлекеттик департаменттин билдиргенине караганда, америкалык дипломаттар Вашингтондо жана Тбилисиде Орусиянын жана Грузиянын расмий адамдары менен жолугуп, Грузия менен Түштүк Осетиянын тирешүүсүн басаңдатууга аракеттенүүдө. Дүйшөбүнүн түнүндөгү уруштарда бул жерде эки грузин жоокери курман болгон эле. Грузия Түштүк Осетияга ок атышууну токтотуу жөнүндөгү макулдашууну бузуп жатканын эскертти. Өлкөнүн коргоо министри Георгий Барамидзенин билдиргенине караганда, эгер алдыда Түштүк Осетиядагы грузиндерге кол салынса, аскерлер чара көрүүгө даяр:

- Биз согуштан качуу үчүн мүмкүн болгондун баарын жасайбыз. Согушуу грузин өкмөтүнүн кызыкчылыгындагы иш эмес. Бирок эгер согушууга туура келип калса, биз менен согушкусу келгендердин чакырыгын кабыл алууга даярбыз. Бул - Грузия, биздин өлкө, биздин эл.

Грузия Түштүк Осетияда бейпилдик аскерлерин жайгаштырган Орусияны ага колдоо көргөзгөнү үчүн айыптап келүүдө. Түштүк Осетия иш жүзүндө Грузиядан 90-жылдан бери көз карандысыз жашайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG