Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:00

АКШ президенти аскерлерди кайра жайгаштыруу планын жарыялады


План Батыш Европа менен Азиядан 70 миңге чейин америкалык аскерди кайра жайгаштырууну карайт жана алдыдагы он жылдын аралыгында ишке ашырылмакчы. Кечээ Цинциннати шаарында сүйлөгөн учурунда Буш аскерлердин басымдуу бөлүгү мекенине кайтарын, айрымдары дүйнөнүн башка чөлкөмдөрүнө которуларын белгиледи:

- Биздин АКШдан тышкаары жерлердеги аскерлерибиз алдыда да көп болооруна карабай, мен 10 жылдын аралыгында мекенине 60-70 миң аскер кызматчысы кайтарын жарыялайм.

Бул - АКШнын аскерлерди кайра жайгаштыруу боюнча Кансыз согуш доору аяктагандан берки эң чоң иш чарасы болот.
Америкалык аскерлердин саны кыскартылуучу өлкөлөр катары Германия, Түштүк Корея, Жапония аталып жатат. АКШнын планынан улам немец расмий өкүлдөрү тынчыздануу билдирүүдө. Себеби бул жерде он миңдеген иш орундары америкалык аскерлер менен байланышкан. Германияда азыр АКШнын 70 миңден ашуун жоокери турат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG