Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:58

Кыргызстанда демократиялык жол менен бийлик алмашуусуна өзгөчө Батыш өлкөлөрү кызыкдар. Көпчүлүк арасында иштеп аткан президенттин кезектеги шайлоого катышар-катышпасы бүдөмүк суроолорду жаратып, маселе дагыле тактала элек. Парламент депутаты Дүйшөн Чотонов улам-улам жаңыланып аткан Конституция боюнча А.Акаев кезектеги шайлоого катышууга укугу бары-жогун тактап берүү өтүнүчү менен Конституциялык сотко кайрылган.

Социалисттик «Атамекен» партиясынын жетекчи орунбасары, парламент депутаты Дүйшөн Чотонов Конституциялык сотко өтүнүч жолдордон мурда кош палатадагы кесиптештерине чиелүү суроонун жандырмагын чечип берүү сунушу менен кайрылган. Парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйыны иштеп аткан президенттик келерки шайлоого талапкер катары катышууга укугу жоктугун ырастаса, элдик өкүлдөр оң жооп узатышкан. Эми маселе Конституциялык сотто каралып, айныксыз чечимди күтүп турган чагы.

Дүйшөн Чотонов Конституциялык сотко партиялаштары менен акылдашпай, өз демилгеси менен өтүнүч жолдогонун айтат.

- Партиялаштарымдын позициясы, жалпы партиядан, курултайдан сураган эмесмин. Эмнеге мындан саясат чыгарып жатышканына түшүнбөйм. Менин оюмча, кээ бир саясатчыларга, айрым Акүйдө отургандардын талуу жерине тийип атат да ушул маселе, ошондон коркуп атаышат, - дейт Дүйшөн Чотонов.

Парламенттик каникул аяктарга чукул, болбосо сентябрь айында Аскар Акаевдин жаңыланган Башмыйзамга ылайык президенттикке талапкерлигин коюуга укугу бар-жогу, ошентип Конституциялык сотто аныкталат.

Азыркыдай кысталыш жагдай 2000-жылкы президенттик шайлоо алдында да түзүлгөн. 1990-жылдан бери бир жолу парламентте, эки ирет жалпы элдик шайлоодо мамлекет башчысы болуп шайланган Аскар Акаев 1993-жылкы Башмыйзамга ылайык дагы шайланууга укугу бардыгын Конституциялык сот аныктап берген.

2003-жылкы Конституциянын жаңы редакциясына ылайык парламенттин кош палатасы биригип, өкмөт менен парламенттин ыйгарым укуктары кадыресе кеңейди. Ошондон улам жаңыланган башмыйзам негизинде азыркы президенттин шайлоого катышууга акысы барбы суроосуна жооп кылып А.Акаев талапкерлигин койбой турганын бир ирет айткан. Өңгөсүнөн да кийинки кездери Бишкекке келген Батыш өлкөлөрүнүн таасирдүү өкүлдөрү менен жолугушууларынын дээрлик баарында мамлекет башчысы Кыргызстанда бийлик демократиялык жол менен мыйзамдык негизде алмашыларын ырастап келатат.

Анткен менен, азыркы кыргыз бийлигинин күтүлбөгөн кадамдарды жасап ийүүгө маштыгынан чочулаган айрым саясатчылар жаңыланган Конституцияда актай калган парламенттик шайлоого партиялык тизмени киргизүү маселесин референдум аркылуу өткөрүү демилгесин козгоп чыгышы ыктымал экендигин айтышат. Парламент депутаты Адахан Мадумаровдун пикири:

- Референдум десем азыр айтып атышпайбы, эки палата тийиштүү колду жыйнап Конституциялык сотко берсе Конституциялык соттун чечими менен эки палата анан Конституцияга өзгөртүү киргизсе болот деп.

Кыргызстанда эл бийлигин ишке ашыруунун жолу Башмыйзамда так белгиленген эмес. Андай болгон соң аркыл саясий жүрүштөр жасалып кетиши толук ыктымал, дейт «Теңир Ордо» улуттук дөөлөт мурастар коомдук бирикмесинин жетекчиси Дастан Сарыгулов:

- Бүгүн элдин атынан бийлик жүргүзгөн кызматчылар эл алдында эч качан жооп бербей келатпайбы. Мына, биздин эң талуу маселебиз ушу болуп турат. Эл четтетилгенден кийин калганы тууралуу сөз кылуунун кереги жок.

Өлкөнүн туруктуу өнүгүшү үчүн ириде Конституция узак убакка жазылышы керек. «Келечек долбоору» коомдук бирикмесинин жетекчиси, белгилүү коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаковдун айтымында, Башмыйзам менен ойнобош керек.

- Конституция деген Конституция болуш керек. Негизги мыйзам болгондон кийин муну менен ойнобош керек. Муну жыл сайын эле өзгөртө бербеш керек. Мында эң негизги, өзөктүү маселелер каралыш керек. Анан биз ушу Конституцияга жараша жашашыбыз керек. Антпесе, күн сайын эле эртең эмне болуп кетет, бүрсүгүнү эмне болуп кетет, десек биз азыркы коомдук туруктуулукка жетише албайбыз. Саясий жагынан эле эмес, экономикалык жагынан да, башкаруу системасын жөнгө сала албайбыз. Азыр чийки жактары көп болуп атпайбы, - дейт Ишенбай Абдуразаков.

Ошондо гана бийлик мыйзамдуу жол менен алмашылабы-жокпу суроосу айкүрүнөн коюлбай, баары цивилизациялуу негизде жүрөт. Кыргызстанда саясий маселелердин көбү бир эле кишинин амирине байланыштуу чечилип келет.
XS
SM
MD
LG