Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:50

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРДЫ ТҮЗҮҮГӨ САЯСИЙ ПАРТИЯЛАРДЫН МАМИЛЕСИ КАНДАЙ?


Сарыгулова Бурулкан, Бишкек Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев бир күн мурда берген маалымат жыйынында саясий партияларды алдыда турган жергиликтүү кеңештерге шайлоого солгун катышып жатканы үчүн сындады. Төраганын айтымында, азыр округдук шайлоо комиссияларына мүчөлүккө өлкө боюнча 11 гана саясий партия өз өкүлдөрүн сунуштады. Расмий маалыматтарга караганда Кыргызстанда 43 саясий партия бар.

Шайлоо комиссияларын түзүүгө катышып жаткан күжүрмөн партиялардын катарына БШК «Алга, Кыргызстан», «Адилет», «Атамекен» партияларын кошууда. Ушулардын эле сабында турган «Менин өлкөм» партиясынын координаторлорунун бири Галина Куликованын айтымында, «Менин өлкөм» негизинен Бишкектеги шайлоо комиссияларына өз мүчөлөрүн өткөрүүгө көбүрөөк кызыкдар. Шаар боюнча 11 мүчөнү депутат кылуу максаты бар бул партия мындан тышкары учаскалык шайлоо комиссияларына да 150 талапкерди сунуштамакчы.

Галина Куликованын айтымында, мурдагы шайлоо өнөктүктөрүнө салыштырмалуу бул жолку жергиликтүү кеңештерге шайлоо комиссияларын түзүүдө саясий партиялар ортосунда атаандаштык көбүрөөк дейт:

- Азыр саясий партиялар жандуу иштеп атышат. Мэрияда эл толуп, саясий партиялар өз өкүлдөрүнүн документтерин тапшырып аткандарына караганда, мен алар жакшы катышпай жатат деп айталбайм, айрыкча Бишкек шаарында.

Ысыккөл облусунун губернатору Токон Шайлиева башкарган «Жаңы күч» партиясы күчүн парламенттик шайлоого топтоо аракетинде. Бирок, жергиликтүү кеңештерге шайлоо өнөктүгүнө деле катышып жатат.

-Участкалык комиссияларга сунуштап атабыз, - дейт Токон Шайлиева, - Бери дегенде эле 100, 200-300 өкүл сөз жок сунушталат.

Ош шаарынын губернатору Накен Касиев жетектеген «Элет» партиясы да чоң жарышка күч топтоп жаткан партиялардын бири. Партия лидерлеринин бири, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ташболот Балтабаев жергиликтүү кеңештерге партиянын мамилесин минтип билдирди:

- Облустук шайлоо комиссияларын түзгөн учурларда эки-үч облустан биздин партиянын өкүлдөрүн сунуштап, курамына кийиргенбиз.

Ал эми «Жаңы Кыргызстан» партиясынын лидери Досбол Нур уулу саясий партиялардын жергиликтүү кеңештерге маани бербей жатышынын чындыгы бар дейт. Анын негизги себептери катары төмөнкүлөрү атады.

- Биринчиден, жардык чыккандан кийин Борбор шайлоокомдун календардык планы газета-журналдардан жана радиодон, телеберүүдөн берилсе жакшы болмок. Көпчүлүк партиялардын катышпай калган себеби: мыйзамды жакшы түшүнбөгөндүгүнөн, кыргызбайчылыгынан бир аз кечигип, мөөнөтү өтүп кеткенден кийин тизмесин ала чуркап калышты деп ойлойм. Биздин партия деле ошолордун катарында эле кечигип калды көрүнөт, айрым жерлерде. Айрым жерлерде шайлоо комиссияларына талапкерлердин тизмесин эрте эле бердик.

Маалымат менен жабдуунун жетишсиздиги тууралуу пикирге БШК төрагасы Сулайман Иманбаев кошулбайт.

- Мыйзамдарда шайлоонун мөөнөтү так жазылган, - дейт Иманбаев, - Ошолорду саясий партиялар өздөрү жакшылап карап алып, же бизден келип сурап алып турса деле болот. Бирок, аларды артынан барып баланчага-түкүнчөгө даярдангыла деген болбогон нерсе. Эскиче эле бизге эмне үчүн айтпай койдуңар деп догурунган болбойт. Бир саясий партиянын лидери айтат: эмне үчүн бизге айтпай койдуңар, биз деле катышат элек шайлоо комиссиясын түзүүгө деп. Эмне үчүн биз айтышыбыз керек? Эгерде сиздин максатыңыз ошол шайлоого катышып, өзүңүздүн өкүлдөрдү өткөрүү болсо, ошол максатка жетиш үчүн иштеш керек.
XS
SM
MD
LG