Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Ош шаарында сарык оорусуна кабылгандар көбөйүүдө


ОШ. Ош шаардык санитардык эпидемиологиялык станциянын маалыматына караганда, шаарда сарык оорусунун таралуусуна байланышкан эпидемиологиялык кырдаал курчуп жатат. Бүгүнкү күндө 660 адам сарык оорусу менен жабыркап ооруканага жаткырылган. Алардын 90 пайызга жакыны 14 жашка чейинки жаш балдар. Шаардык санитардык эпидемиологиялык станциянын башкы дарыгери Айчүрөк Келдибекова аталган эпидемиянын кеңири таркап кетишине шаардагы санитардык абалдын начарлашы, көчөдө жуулбаган мөмө жемиштердин, тамак аштардын сатылып жатышы себеп болуп жаткандыгын билдирди. Учурда шаар бийликтери тарабынан аталган оорунун кеңири таркап кетишине жол бербөө жана абалды көзөмөлдөө боюнча атайын иш чараларды жүргүзүү пландаштырылууда.

XS
SM
MD
LG