Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Нарындыктар жүрөк-кан тамыр ооруларына көбүрөөк чалдыгат


НАРЫН. Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын кардиология бөлүмүнүн башкы дарыгери Кайытбек Кадыралиевден алынган маалымат боюнча жүрөк кан тамыр оорулары боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан биринчи орунда турса, Нарын облусу республикада биринчиликти ээлейт. Статистикалык маалыматтар боюнча, Нарын облусунда 265 миң адам жашайт. Анын ичинен 150 миңи жүрөк кан тамыр оорулары менен жапа чегишет. Ага спирт ичимдиктерин көп ичүү, тамеки чегүү, климаттын жана жашоо шарттын оордугу башкы себеп. Ал эми 1982-жылы ачылган кардиология бөлүмүнүн аппараттарынын эскилиги жетип, ошол мезгилден бери алмаштырыла элек.

XS
SM
MD
LG