Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:39

Чолпоната шаарындагы эс алуу жайларынын тазалыгы кандай?


КАРАКОЛ. Аны облустун губернатору Токон Шайлиева текшерди. Эки күндүк рейддик текшерүүнүн учурунда Чолпоната шаарындагы көпчүлүк эс алуу жайларынын санитардык абалы канааттандырарлык эмес экендиги аныкталды. Көпчүлүк эс алуучулардын жана күнүмдүк жашоо үчүн майда-барат соода-сатык жасаган базарчылардын пикирине караганда, жергиликтүү жетекчилер көл жээгинде, шаардын борбордук көчөлөрүндө үйүлүп жаткан таштандыларды чыгарууну ойлоп да коюшпайт. Эс алуучулар көп чогулган пляждарда ажатканалар жок, акыр-чикирге толгон арыктардагы суулар сарыгып көлгө куюлуп, Ысыккөл булганып жатат. Мына ушундай жагымсыз көрүнүштөрдү өз көзү менен көргөн облус губернатору Чолпоната шаар башкармалыгынын башчысынын жана анын орун басарынын ээлеген кызматынан четтетилерин ачык билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG