Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:07

«Ар намыстын» мүчөлөрү АКШ Конгрессине кайрылат


БИШКЕК. Ушул айдын 28-29унда Кыргызстандын АКШда жүргөн атуулдары Чикаго шаарына чогулушуп, мамлекеттин көз карандысыздык күнүн белгилешет. Мындай маалыматты «Ар намыс» партиясынын АКШдагы мүчөлөрү партиянын Интернет баракчасы аркылуу таратты. Ал маалыматка караганда, мындай чечим партия мүчөлөрүнүн АКШнын Нью-Джерси штатында өткөн айдагы жолугушуусунда кабыл алынды. «Ар намыс» партиясынын Нью-Джерси, Чикаго шаарларында жана өлкөнүн чыгышындагы төрт штатта турган өкүлдөрү чогулушуп, анда АКШда турган кыргыздардын коомунун атынан партиянын азыр камакта жаткан лидери Феликс Куловду бошотууга көмөктөшүүнү өтүнгөн кайрылууну АКШ өкмөтүнө, Конгрессине, Европа Биримдигине жана башка эл аралык уюмдарга жолдоо чечимин кабыл алышкан. Ошондой эле президент Аскар Акаевдин АКШга күздө боло турган визити маалында пикет өткөрүү бүтүмүнө келишкен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG