Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:56

Кыргыз-өзбек жумушчу топтору жолугушат


БИШКЕК. Майлуусуудагы уу калдыктарын зыянсыздандыруу иштери боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын жумушчу топтору 19-августта Майлуусуу шаарында жолугушат. Анда эки мамлекеттин 2003-жылдан 2009-жылга чейин Майлуусуудагы уу калдыктарын зыянсыздандыруу багытында кызматташуу планынын аткарылышы талкууланат. Бул тууралуу Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, ошол эле күнү Майлуусууда эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жергиликтүү бийлик, өкмөттүк эмес уюмдардын активисттери жолугушуп, Дүйнөлүк банктын жана Жапон өкмөтү уу калдыктарын зыянсыздандырууга бөлгөн каражатты натыйжалуу пайдалануу боюнча пикир алышуу болот. Белгилүү болгондой Дүйнөлүк банк менен Жапон өкмөтү бул иш чарага 11 миллион 761 миң доллар бөлгөн.

XS
SM
MD
LG