Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:56

МАМЛЕКЕТТИК ЧИНОВНИКТЕР ӨЗ БАЙЛЫГЫН АЧЫККА ЧЫГАРАТ


Султан Раев, Бишкек Кыргыз Республикасынын Президенти Аскар Акаев жогорку саясий кызматтарды ээлеген мамлекеттик чиновниктердин кирешесин жана мүлкүн декларациялоо мыйзамына кол койду. Бул мыйзам бийлик эшалонундагы жогорку чиновниктердин коррупцияланышына бөгөт болот деп баалашат серепчилер. Аталган мыйзамдын бекем чырмалышкан коррупциянын тамырына балта чабат деген түшүнүгү азыркы учурда коомчулук тарабынан эки ачакей ойду туудурууда.

Акыркы кездеги коррупциянын бийлик эшалонунда бекем чырмалып кетишин, мамлекеттик чиновниктерди өлкө казынасына жемкорлук мамиле жасашына бөгөт коюу максатын көздөгөн бул мыйзамдын Президент Аскар Акаев тарабынан коюлушу коомдук пикирде позитивдүү маанайды жаратууда. Президенттин мындай чукул кырдаалга баруусуна жакырчылыктын сазында гүлдөп жаткан коррупциянын болуп көрбөгөндөй арааны себеп болду, дейт байкоочулар. Айтмакчы, бул мыйзам Президент тарабынан колдоого алынып, анын жеке демилгеси аркылуу жаралып жатканы акыры өлкөдөгү коррупция Президенттин да көкөйүнө көк таштай тийген экен деп баалоодо коомчулук өкүлдөрү. Мамлекеттик чиновниктердин, ал гана эмес, алардын жакын туугандарынан кирешеси жана мүлкү мындан ары бул мыйзамга ылайык каттоодон өтүп, ар бир киреше, байлык так такталып, ал гана эмес анын кайдан келип, кайдан пайда болгону тыкыр жазылып, коомчулукка ачык билдирилет. Бул кадамды позитивдүү баалоо менен байкоочулар Президент тарабынан кол коюлган мыйзамды коррупцияга каршы биринчи чабуул катары эсептешет. Мамлекеттик бийлик адамдарынын киреше жана мүлкүн декларациялоо мыйзамы тууралуу өз оюн Эл депутаты, мыйзам чыгаруу жыйынынын салык жана социалдык төлөмдөр комитетинин төрагасы Акылбек Жапаров:

- Бул эң туура мыйзамдардын бири болот деген ойдомун. Анткени мамлекеттик чиновниктер, элге кызмат кылам дегендер өздөрүнүн болгон байлыктарын ачык көрсөтүшү керек. Ошондой эле жакын туугандарынын эмне мүлкү бар, ошону көрсөтө турган болуп калдык. Бул жерге депуттар, өкмөттүн мүчөлөрү, губернаторлор, акимдер, андан сырткары бажынын, салык инспекцияларынын башчыларын да киргиздик. Бул ачык айкындык, коррупцияга күрөшө түрган бирден-бир инструменттердин бири болот. Анткени жакында индувидиалдуу салык номурдун негизинде бүт фискалдык саясатар да жүрө турган болду.

Албетте, бийлик адамдарынын коомчулук үчүн ачык болуу саясаты түпкүлүгүндө туура деп баалашат айрым байкоочулар. Бирок, "мыйзам буйдаланган төө" принцибинде карай турган болсок, мамлекеттик чиновниктер мыйзамды аттап өтүп, өзүнүн мурдагы көнгөн адатынан арыла албайт деген да ойлордун бар экендигин жашырууга болбойт. Бул багытта Коррупцияга каршы жарандык коомдун төрайымы Төлөйкан Исмаилова:

- Биринчиден, бул мыйзамдын жарык көрүшүнө атуулдук коомдун өкүлдөрү катышышы керек. Кыргызстанда коррупциянын деңгээли күндөн-күнгө күчөп атканы көрүнүп турат жана бир нече гана киши байып атканы ар бир кыргызстандыкка ачык болуп турган. Бул мыйзам туура, жакшы. Эгерде мыйзам жакшы иштелбей калса, бул дагы кыргыз эли үчүн өкүнүчтү нерсе болот. Ошондуктан мыйзам иштеши үчүн ар бир атуул чечимдерге киришип, ушул мыйзамдын ишке, турмушка ашышына күч салышы керек. Ар бир атуул ар бир чиновниктин кирешесин көзөмөлдөп, мыйзам ченеминде маалыматты талап кылып турушу керек. Экинчиден, келе жаткан парламенттик жана президенттик шайлоодо бул маалымат ар бир атуул үчүн эң зор ролун ойнойт деп эсептейм.

Ырас, "бүткөн ишке сынчы көп" дегендей бул мыйзамдын айланасында коомчулукта ар кандай кайчы пикирлер бар экендигин да жашырууга болбойт. Канткен күндө да бул мыйзамдын жаралышы өзү табигий көрүнүш эле. Коррупцияга каршы күрөшүүнүн биринчи баскычы дешет байкоочулар, демек алгачкы кадам жасалды. Ал эми анын канчалык натыйжалуу экендигин турмуш көрсөтөт.
XS
SM
MD
LG