Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:36

Америкалык аскерлердин орун которуштурушу Германия үчүн чоң жоготуу


Бул тууралуу Германиянын коргоо министри Петер Штрук билдирди:

- Германиянын америкалыктар турган жерлеринин баарында немец калкынын АКШ армиясы жана аба күчтөрү менен өтө жакшы кызматташтыгы бар. Бул көпчүлүк чөлкөмдөр үчүн чоң жоготуу, бирок бул эми АКШ президентинин чечими.

Германиянын америкалык аскерлер турган жерлеринде миңдеген иш орундары алар менен байланышкан. АКШ президенти Жорж Буш алдыдагы он жылдын аралыгында Германия, Жапония, Түштүк Кореядагы базалардагы аскерлердин саны кыскартылып, 70 миңге чейинки жоокер орун которуштурарын дүйшөмбүдө жарыялаган болчу. Ал эми Орусиянын коргоо министри Сергей Ивановдун билдиргенине караганда, Вашингтондун жогорудагы планы аларды кооптондурбайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG