Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:37

Грузия Түштүк Осетия кризисин чечүү үчүн эл аралык конференция өткөрүүнү сунуштоодо


Бул тууралуу президенти Михаил Саакашвили дүйнө өлкөлөрүнүн лидерлерине жолдогон катта айтылган. Грузин бийликтери Тбилисидеги чет өлкөлүк элчиликтерге тапшырылган каттын мазмуунун ачыктаган жок. Бирок телеканалдардын билдиргенине караганда, катта Грузия кырдаалды тынч чечүү үчүн баардык жолдорду колдонуп бүткөнү белгиленген. Ошондой эле Түштүк Осетияда Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун байкоочуларын көбөйтүү зарылдыгы жөнүндө да сөз болот. Грузиялыктар менен түштүк осетиялыктардын ортосунда акыркы аптадан бери атышуулар дээрлик күн сайын орун алууда. Курмандыктар да бар. Атышуу өткөн түнү да болду. Түштүк осетиялык расмий адамдардын айтымында, алардын Сарабук деген кыштагына чабуул коюлган. Ал эми грузин тараптын ырастоосунда грузин аскерлери ошол Сарабук кыштагынан аткыланып, төрт жоокер жаракат алды.

XS
SM
MD
LG