Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Евробиримдик шайлоого колдоо көргөзүүчү тобун Ооганстанга жөнөтөт


Эксперттердин 25 адамдан турган тобу Ооганстандын Кабул жана башка шаарларында жайгаштырылат. Алар шайлоого колдоо көргөзүүдөн тышкары мониторинг да жүргүзмөкчү. Евробиримдиктин аткаруучу органы–Еврокомиссия мурдараак президенттик шайлоону колдоо үчүн Ооганстанга 24 миллион евро убада кылган. Ал эми шайлоо учурунда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн алкагында Испаниянын кошумча 1000дей аскери жайгаштырылары күтүлүүдө. Кечээ алардын алдыңкы тобу Ооганстанга жөнөп кетти. Ооганстандын 5 провинциясында шайлоочуларды каттоого алуу жараяны жума күнгө чейин узартылды. 9-октябрдагы шайлоого азыркы президент Хамид Карзайдан бөлөк 16 талапкер катышат.

XS
SM
MD
LG