Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:37

Жалалабад областтык администрациясы кеңешме өткөрдү


ЖАЛАЛАБАД. Кеңешмеде жаңы окуу жылына даярдык, мугалимдердин эмгек акысынын берилиши, салык жыйноо жана электр жарыгы менен камсыздоо иши талкууланды. Баяндамага ылайык, облустагы 429 орто мектептин 414ү ремонттон өттү. Эки мектептин курулушу начар болуп жатат. Мугалимдердин айлыгына кошулчу 15 пайыздык каражат үчүн 3,9 млн. сом зарыл. Былтыркыдан калган 395 тоннадан көмүрдөн башка мектептерге бир тоголок көмүр ташылган жок. Ошондой эле облуста 500дөн ашык мугалимдин орду бош. Бир да бала окууга тартылбай калбасын деп эскертилген жыйында бул милдетти аткаруу үчүн Билим берүү министрлиги эмне жардам берерин тактоо белгиленди. Жети айда салык 87 пайызга жыйналып, электр жарыгынын 28 пайызы жоготууга учураган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG