Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:46

Нарын обласында күзгү оруп жыйноого техникалык даярдыктар начар


БИШКЕК. Үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда 413 миң гектар жерге буудай эгилсе, 13-августка карата анын 248 миң гектар аянттагы эгини жыйналып бүттү. Тагыраак айтканда Ош, Жалалабад областтарында эгиндин 96 пайызы жыйналып, Чүй обласында оруп жыйноо иштеринин 50 пайыздан ашыгы бүткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн күзгү эгин жыйноонун жыйынтыгына арналган өкмөттүк жыйында Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри Александр Костюк билдирди. Анын айтымында, Нарын обласында эгин жыйноо 20-августта башталат. «Учурда Нарын обласында эгин жыйноого техникалык даярдыктар начар», - деп маалымдады министр Александр Костюк.

XS
SM
MD
LG