Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:32

Жеңиш күнү эл аралык майрамга айланат


БИШКЕК. КМШдагы тогуз мамлекет, анын ичинде Кыргызстан 8-9-май күндөрүн эскерүү жана жарашуу күнү деп жарыялоо сунушун БУУнун башкы катчысы Кофи Аннанга жолдоду. Кат жолдогон мамлекеттердин БУУдагы туруктуу өкүлдөрү кол койгон ал катта Улуу Ата Мекендик согуш маалында мурдагы СССРдин эли согуштун ачуу даамын татып, адам баласы үчүн аны болтурбоодон артык максат жок деген бекем ишенимде экендиги белгиленген. Кат ээлери БУУ улуу жеңиштин эмдиги жылы белгилене турган 60 жылдыгына карата Башкы Ассамблеянын ушул күнгө арналган атайын салтанаттуу жыйынын өткөрүп, согушту болтурбоо үчүн бүткүл адамзатты биригүүгө чакырган резолюция кабыл алууну да сунуш кылышкан. Мындай маалыматты бүгүн АКИ-пресс агенттиги Орусиянын ИТАР-ТАСС агенттигинин кабарына таянып таратты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG