Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:48

Жерүй кенин ким иштетет?


БИШКЕК. Таластагы Жерүй алтын кенин иштетүү укугуна ээ «Талас Голд Майнинг Компани» жабык түрдөгү акционердик коомунун лицензиясы токтотулду. Мындай маалымат бүгүн Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин кендерди пайдалануу боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысынын орун басары Иван Городнянскийден алынды. Анын билдирүүсү боюнча, буга «Талас Голд Майнинг компаниясынын» кенди иштетүүчү фабриканын курулушу жана тоодогу иликтөө иштерин жүргүзүү боюнча техникалык долбоорду даярдабай, «Кен жөнүндөгү» мыйзамдын 18-беренесин бузгандыгы себеп болду. Андан тышкары компания кенди иштетүү боюнча алгачкы курулушту баштаган эмес. Макулдашууга ылайык курулуш ушул жылдын 1-апрелинде башталмак. Иван Городнянскийдин айтымында, эми Жерүй алтын кенин иштетүү укугун жеңип алуу үчүн өкмөт кайрадан тендер жарыялайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG