Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:52

Кумтөрдүн 85 миллион доллары кайда түштү?


БИШКЕК. Кумтөр алтын кенинин Кыргызстанга тиешелүү акцияларын сатуудан түшкөн 85 миллион доллар акчанын дайыны табылбай жатат. Буга байланыштуу Төлөйкан Исмаилова жетектеген «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөттүк уюму маселени териштирүүнү өтүнүп Мыйзам чыгаруу жыйынын коррупцияга, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана бюджет, финансы комитеттерине арыз жолдоду. Өткөн жылдын соңунда Кыргызстандын бийлиги менен Канадалык Камеко компаниясы «Сентерра голд» аттуу биргелешкен ишкана түзүшкөн. Жаңы түзүлгөн ишканын акциясынын 31 пайызы Кыргыстанга тиешелүү экендиги айтылган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын июнь айында өкмөт башчы Николай Танаев Кумтөрдүн Кыргызстанга тиешелүү акцияларын сатуудан Улуттук банкка 85 миллион доллар түшкөндүгүн маалымдаган. Андан көп өтпөй Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов журналисттерге мындай акча Улуттук банка түшө электигин айтып, өкмөт башчынын айтканын жокко чыгарган.

XS
SM
MD
LG