Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:48

Акыйкатчы Ф.Кулов жаткан түрмө жетекчисин жазалоону талап кылды


БИШКЕК.Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу бүгүн «Ар намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов жаткан №19 түрмөнүн башчысына байланыштуу Башкы прокуратура менен Юстиция министрлигине кат жолдоду. Юстиция министрине жолдогон катында түрмө башчысы Тимур Мамытовду кызматынан алууну талап кылды. Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун билдирүүсү боюнча, буга түрмө башчысынын «Акыйкатчы жөнүндөгү» мыйзамдын 8,10 жана 12-беренелерин бузгандыгы жана Конституциянын 2-беренесине карама-каршы аракеттерге баргандыгы себеп болду. Түрмө башчысы Тимур Мамытов Сокулук райондук соту Феликс Куловдун абактан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууну өтүнгөн арызы каралган кезде Акыйкатчынын өкүлү Каныбек Эргешовду түрмөгө жана сот залына киргизбей койгон. Натыйжада, ал Акыйкатчынын Феликс Куловду бошотуу тууралуу корутундусун сот эске алган же албагандыгынан кабарсыз калган. Андан тышкары Куловдон башка ошол түрмөдө жаткан 7-8 атуулдун Акыйкатчыга жазган арыздарын териштире алган эмес. Ушундан улам Акыйкатчы Башкы прокурорго жолдогон катында түрмөнүн башчысын Кылмыш-жаза кодексининин 146-беренесине ылайык жоопко тартууну талап кылды.

XS
SM
MD
LG