Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:43

“ТАЙБУУРУЛ”


Адаттагыдай эле кезек "Бабалардын мурасы" аттуу түрмөгүбүздө. Түрмөктүн бул жолку жаңы санынан кабарчыбыз Балбай Алагушовдун эр Манастан Семетей баатырга мурас катары өткөн Тайбуурул тулпар жөнүндөгү чакан сүрөттөмөсүн угуңуздар.

Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин айтуусунда Тайбуурул Нарбуурул, Нарбуудан деген аттарда айтылат. Ал эми тулпардын тегин болсо жылкынын пири Желкайып менен байланыштырат. Ошондой эле кыз Сайкал менен Манас сайышып, элдешкенден кийинки достуктун белгиси катары Сайкал Семетейге кызыл буурул тай тартуулаптыр. Манас болсо ал тайга Тайбуурул деп ат коюптур. Тайбуурулдун алгачкы келбетти көзгө комсоо чолок тай экен. Кийин жетилгенде арып-азбаган, чаалыгып-чарчабаган тулпардан болуптур. Көрсө ал "Кумда туулуп, кулан менен бирге чөлдө, карда, музда туулуп, кайып менен бирге өсүптүр. Тайбуурул Манастын ажатын ачкан, көзү өткүчө кызмат кылыптыр. Кытай менен болгон согушта жаралуу Манасты чоролору Тайбуурулга жүктөп келишет. Айкөл Манас көз жумганда Ажыбай өзүнүн Карткүрөң тулпарына ишенбей Тайбуурулду минип чабаганга кетет. Тайбуурулдун күлүктүгү, айбан болсо да акылынын тунуктугу жомокто баса айтылат. Манас өлгөндө баатырдын башка айбандарындай эле Тайбуурул да безип кетет. Качан гана Семетей эр жетип, элине келгенде алдынан тосуп чыгыптыр. Ошондон баштап Семетейдин өмүрүнүн акырына чейин ага кызмат кылыптыр. Ал Семетейди далай өлүмдөн аман алып калат. Алсак Күрпүлдөктүн суусуна аккан Семетейди куйругу менен тосуп өлүмдөн куткарат. Жоо менен беттешкенде Тайбуурулдун "Таманы жерге тарсылдап, көкүлүнө шам күйүп, кулагынан жаркырап мунар чыгып туруучу экен. Залкар жомокчу Саякбайдын айтуусунда айкөл Манастан Семетейге мурас катары өткөн Тайбуурулдун турпатын мындайча сыпаттаптыр. Айтуучу жаш манасчы Талантаалы Бакчиев:

Кең Кашкардын ар жагы,
Көөнө Турпан чоң борбор,
Лоб дайрада туулган,
Ал Тайбуурул жаныбар,
Кулан менен куушкан,
Кыз Сайкалдын Алкара,
Тулпар менен туушкан
Чөлгө туулуп, ташка өскөн,
Кайыптан бөлөк башка өскөн,
Карача кандын Сайкалы,
Тай кезинде Буурулду,
Тартууга берген мал экен,
Оозун ачып караса,
Уруу тиши бар экен,
Касиеттүү Каныкей,
Ууру тишин кактырып,
Бөөрөн күптү болот деп,
Абай менен жаптырган,
Көз, тил тийип кетем деп,
Жан көрбөс жерге бактырган.
Көрүнө буудан экен деп,
Көзү ачык сынчы сынаган,
Астында буурул ат,
Ар ким көрүп жактырган,
Батадан бүткөн Семетей,
Энчилетип бактырган,
Аккула окко учканда,
Алмамбет шейит кеткенде,
Өлчөөсү мүшкүл иш көрүп
Өлөт деп Манас турганда,
Коргошундай Манасты
Койбой алып көтөргөн,
Опол тоодой Манасты,
Ойноп алып, жол тарткан,
Мунун буудандыгын билгенде,
Пуддап алтын зер берип,
Букардын каны сураган,
Ачбуудан деп аталган,
Көз үстүндө көкүлү,
Көзүнө ченеп түйгөндөй,
Буура көкүл, капкан бел
Желини сырттын желиндей
Үстүнө адам мингенде,
Кап тоосунун белиндей
Эки буттун ортосу
Капчыгайлуу колоттой,
Маңдайында кашка тиш,
Таптап койгон болоттой
Жото жилик жонгондой,
Жорткондун жолу болгондой,
Үч кошкондун чуңкуру
Казан азса тургандай
Буудан, буурулдун жайы ушундай.
XS
SM
MD
LG