Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:08

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫНДАГЫ МАСЕЛЕЛЕР


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Өкмөттөр аралык паритеттик комиссиялар нечен ирет жолугушса да, кыргыз-өзбек чек арасын аныктоодогу карталарда алешемдиктер көп. Коомчулуктун пикири боюнча чек арага чекит коюлбагандыктан кыргыз жерин өзбекстандыктар кеңири пайдаланат. Бийлик өкүлдөрү чек араны делимитация жана демаркация иши мыйзамга ылайык жүрүп жатканын ырасташууда.

Чек ара тилкесин аныктоо оңой жумуш эмес. Аксы районундагы жарандардын оюна караганда кыргыз-өзбек чек ара жайларын делимитация жана демаркация кылуу ишиндеги жайбаракаттыктын айынан өзбекстандыктар райондун аймагын ээн-эркин иштетүүдө. Куралдуу өтүп келген учурлары да болгон. Кошуна өлкөнүн айрым атуулдары менен мал-коюна жең учунан берилген жеңилдикке жергиликтүү тургундар макул эмес. Кашкасуу айылынан Тажимамат Туралиев:

- Мисалы, өзбек-кыргыз чек арасы Кашкасуу айыл өкмөтүнөн бир гектардан ашык жерди азыр Өзбекстан пайдаланып жатат. Жолду жогору салды, ошону менен өзбектер алып койду - деп, чек арадагы мыйзамсыздыкка көз жумду мамиле болгонуна жаны ачыды.

Кербен айлынан Акбаралы Темиров чек арадагы кайдыгерликке чыдай албады:

- Каракорумда Өзбекстан 70 гектар жерди иштетип жатат. Унгар тоосуна чейин алардын жылкы-малы жайылып жүрөт. Аны караган адам жок. Пул берсе, тим коюшат - деди Акбаралы Темиров.

Кербен айылынын башчысы Арстанкул Сулайманкуловдун сөзү боюнча чек ара жакшы сакталууда:

- Бир гектар жерди биз өзүбүзгө алдык. Эки жылдан бери Акдөбөнүн элинин катышуусу менен ошол жерди алып, айдашты. Өзбекстан тараптан элдери, жетекчилери келди - деди айыл өкмөт Арстанкул Сулайманкулов.

Учурунда партиялык-советтик кызматта иштеген ардагер Абдраим Нарынбаевдин эскерүүсүнө караганда аты алмашылган жер-суулар Өзбекстанга баамдалбай өтүп кеткен:

- Турбазанын атын "Көксарай" койду. Эмне үчүн Көксарайдын атын коёт, өзбек башка өзүнүн атын коё бербейби десем. Жок. Көксарай койгону биздин тоонун даңкы чыгат дейт. Картаны карап көрсөк өзбектердин чек арасы Торпокчычтыга чейин келиптир. Торпокчычты деген Көксарайдын түбү - деген карыянын болжолу боюнча эки өлкөнүн башчылары тең атадай сүйлөшкөндө гана чек ара маселесине чекит коюлат.

Чек араны тактоо боюнча паритеттик комиссиялар колдонгон 1924-жана 1955-жылкы карталарда чаташуулар арбын. Ал жөнүндө:

- Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн укуктук негиздеринен болуп 1924- жана 1955-жылкы мамлекеттер аралык паритеттик комиссиясынын материалдары эсептелип жатат. Бирок ошол жылдардагы айрыкча 1924-жылкы түзүлгөн келишимдерге, протоколдорго жана картографиялык материалдарда көрсөтүлгөндөр көпчүлүк учурда үстүртөн жазылып жана тиешелүү масштабдагы карта материалдарга түшүрүлбөгөндүктөн азыркы учурда жазылгандарды өз жеринде тактоого мүмкүн болбой жатат. Атап айтсак, чек ара сызыгын жазууда 100, 200 км. узундуктагы чек араны бир абзац менен жазып коюлган учурлар болгон - деген оюн ортого салды Аксы райондук мамлекеттик бийлик башчысы Абдималик Эгембердиев.

XS
SM
MD
LG