Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Казак оппозициячысы колониядагы шарттарга нааразы


Жакында түрмөдөн турак жай-колониясына которулган Казакстандык оппозициячы Галымжан Жакиянов жаңы шарттарда коопсуздук чараларынын начардыгына жана андагы катуу чектөөлөргө нааразылык билдирди. Бийликтегилер ага шарттуу колония жайгашкан алыскы Шидерли айылынан сыртка чыгууга, чөнтөк телефон, компьютер пайдаланууга тыюу салышкан. "Казакстандын оппозициячыл демократиялык тандоосу" партиясынын лидери Жакиянов 2002-жылы коррупциялык иштерге байланыштуу күнөөлөнүп, жети жылга түрмөгө кесилген жана жаза мөөнөтүнүн үчтөн бирин өтөгөн соң, өткөн аптада жумшагыраак режимдеги колонияга которулган.

XS
SM
MD
LG