Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Палестин жетекчилери Ясир Арафатты сөзүн иш менен айкалыштырууга үндөштү


Алар Арафаттан автономиянын айрым бийлик өкүлдөрүн айыптаган сөздөрүн бышыктап, аларга карата чара көрүүнү талап этишти. Бүгүн Арафат Рамаллада чогулган депутаттарга Палестинанын айрым ырасми адамдары өз ишинде кечирилгис каталар кетиргенин билдирген. "Кээ бир мекемелерде жоопкерчиликсиз иштер жасалып, жетекчилер кызматынан кыянат пайдаланышкан. Азырынча мыйзам үстөмдүгүн орнотуу, юридикалык системанын көз карандысыздыгын шардана кылуу аракеттери жетишсиз болууда", - деди палестин лидери. Ал тапта Газа секторундагы жардыруудан бүгүн төрт киши мерт болуп, жетөө жараат алышты. Күбөлөр жарылуу Израилдин учагы тарабынан уюшулганын маалымдашты. Бүгүн Израилдин премьери Ариэл Шарондун "Ликуд" партиясы өкмөттүн курамына оппозициячыл "Эмгек" партиясын киргизүү сунушуна добуш бермекчи. Шарондун планы боюнча, эмгекчилер өкмөткө кирип калса, анын партиясы парламентте көпчүлүк добушка ээ болуп, Газа секторунан аскерлерди чыгарып кетүү маселеси оңунан чечилип калышы ажеп эмес.

XS
SM
MD
LG