Америкалык 70 миң аскерди чет өлкөлөрдөн чыгарып кетүү боюнча АКШ президенти Жорж Буштун чечимин президенттикке талапкер Жон Керри сынга алды: "Президент жарыялаган бул көп так эмес план биздин террорчулукка каршы күрөшүбүздү күчтөнтө албайт. Ансыз деле көп иш аткарып жаткан биздин аскерлерибиздин жүгүн ал жеңилдетпейт. План 2006-жылы гана аткарыла башташ керек жана максатка жетиш үчүн 10 жыл керек". Андан тышкары, Керринин айтымында, президенттин бул планы шериктеш мамлекеттер менен болгон мамилелерди да начарлатышы мүмкүн.