Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:51

Түштүк Осетия маселеси боюнча Маскөө менен Тбилисинин турумдары башка


Грузиянын тышкы иштер министри Саломе Зурабишвили кечээ күнү Вена шаарында Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун жыйынында чыгып сүйлөп, Түштүк Осетия маселеси боюнча эл аралык конференция өткөрүүнү сунуштады. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ага Маскөөдөн жооп берип, андай конференциянын эч зарылдыгы жок деп билдирди: "Түштүк Осетиядагы абалды жөнгө салуу ыкмалары бар. Биргелешкен көзөмөлдөө комиссиясы, бейпилдик күчтөрү бар жана бул ыкмалар иштеп жатат. Мындай абалда кандайдыр бир жаңы форум өткөрүүнүн эч зарылдыгы жок, жөн гана мурда өткөн форумдарда жетишилген келишимдерди аткарыш керек". Орусиянын президенти Владимир Путин болсо Сочи шаарынан - Түштүк Осетия маселеси Грузиянын мурдагы жетекчилеринин "келесоо" чечимдеринен улам чыккан деп билдирди.

XS
SM
MD
LG