Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:42

Ирактагы улуттук конференцияда өлкөнүн Улуттук кеңеши түзүлдү


Багдадда өтүп жаткан улуттук конференцияда кечээ күнү жүз адамдан турган Улуттук кеңеш түзүлдү, эми ал өлкөнүн утурумдук өкмөтүнүн ишине көз салат. Нажаф шаарына конференция жиберген өкүлчүлүк менен имам Муктада ас-Садр жолугуудан баш тартты, бирок кээ бир өкүлдөрдүн айтымында, Садр алардын талаптарына макул болду. Өкүлчүлүктүн башчысы, Садрдын алыскы тууганы Хусейн ас-Садрдын айтымында, андай болгондо жакшы иш болоор эле: "Эгер ал чын болсо, жаңы мезгил башталып, пикир келишпестиктер менен экстремизм токтойт эле. Биз ишенебиз, Кудай кааласа, чыныгы чечим кабыл алынат, үмүт үзбөш керек". Анткен менен Нажафтагы салгылашуулар уланууда жана Ирактын утурумдук коргоо министри Хазим ал-Шааландын айтымында, Садр курал таштабаса, ага каршы катуу чаралар көрүлөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG