Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:15

ӨКМӨТТҮН ИШИ ӨРКӨЧКӨ КАБЫЛУУДА


19-августа премьер министр Николай Танаев CSAC долбоору боюнча жыйын өткөрдү. Анда өкмөт башчы долбоордун аткарылышы кыйынчылыкка учурап жатканын, бул өз кезегинде 18 миллион долларга жакын траншты алууну жана Париж клубунун Кыргызстандын тышкы карызынын бир бөлүгүн кечүүсүн үзгүлтүккө учуратышы мүмкүндүгүн билдирди.

Дүйнөлүк банк менен биргелешип түзүлгөн CSAC долбоорунун талаптары аткарылбай жаткандыгын банктын жетекчилиги 5-августта президент Аскар Акаевге жазган катында билдирген. Катта үчүнчү траншты берүүнүн шарттары аткарылбай жаткандыгы, башкача айтканда,энергетика тармагынын карызы көбөйүп бараткандыгы, парламент бул тармакты менчиктештирүүнүн төртүнчү этабынын программасын кабыл албагандыгы, “Кыргызгаз” акционердик коомун реформалоо кечиктирилип жаткандыгы белгиленген. Эгерде бул талаптар аткарылбаса CSAC программасын токтотуу, же аны аткаруунун мөөнөтүн өзгөртүү сунушталган. Ал эми өзгөртүү эмнеге алып келерин өкмөт башчы мындайча билдирди:

- Картага өтө чоң нерсе коюлууда. Биз үч жылдан бери карызыбыздын бир бөлүгүн кечтирүүгө аракет кылып келатабыз. Бир ката кетирсек өкмөттүн жана калган бийлик бутактарынын мына ошол аракетин жокко чыгарып алабыз.

Ушуга байланыштуу өкмөт башчы тийиштүү министрликтердин жетекчилигинен Жогорку Кеңеш менен тыгыз иштеп, сентябрь айынын ичинде CSAC долбоорунун талаптарын аткарууга жол бере турган мыйзамдарды, программаларды кабыл алууга жетишүүнү талап кылды. Талаптар болсо, “Түндүкэлектро” акционердик коомун концессияга берүүнү тездетүү, энергетика тармагынын финансылык абалын оңдоо жана бул тармактагы реформага байланыштуу калкты даректүү социалдык коргоону камсыз кылуу.

Дүйнөлүк банктын мына ушундай талаптар жазылган каттарынын олуттуулугун түшүндүрүүгө аракет жасаган Николай Танаев :

- Алардын каттарын мурдагы КПССтын борбордук катчыларынын доклады катары кабыл алгыла. Анын ар бир сабы аткарыла турган иштин планы. Саптарда ыр эмес, иштин планы турат. Аны аткарыш керек.

Танаевдин айтымында, ал 1-сентярда президентке бул иштерди турмушка ашыруунун жүрүшү боюнча отчет берет, ага чейин өз кезегинде министрликтер долбоордун талаптарынын аткарылышын камсыздаш керек.

Өкмөт жыйынында маалым болгондой, сентябрь айында Эл аралык валюта кору менен аткарылып жаткан үч жылдык программа да жыйынтыкталат. Октябрь айында болсо ал отчет Париж клубуна берилет. Анын негизинде март айында Париж клубу Кыргызстандын тышкы карызынын бир бөлүгүн кечүүнү караштырат. Мурда маалымдалгандай, Кыргызстан 1 миллиард 800 миллион доллар карызынын 450 миллион долларын жоюуга аракеттенүүдө.

Структуралык кайра курууларга байланыштуу түзүлгөн CSAC долбоору 2000-жылы сентябрь айында Дүйнөлүк банк тарабынан жактырылган. Ал боюнча Кыргызстанга 35 миллион доллар бөлүү каралган. Биринчи жана экинчи транш буга чейин берилип, ал эми 18 миллион долларга жакын акыр транш бериле элек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG