Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

НАЖАФТА САЛГЫЛАШУУЛАР УЛАНУУДА


Азиза Турдуева, Прага АКШнын аскерлери Багдаддын шийилер жашаган Садр сити районуна киришти. Ал эми шийилердин радикал дин ишмери Моктад ас-Садрдын башчылыгындагы согушчандар Нажаф шаарында америкалык аскерлердин башчылыгындагы коалициялык күчтөргө жана Ирак өкмөтүнүн аскерлерине каршылык көрсөтүүнү улантууда. Ирак өкмөтү ас-Садр согушчандарын Нажафтан алып чыгып кетпесе, чечкиндүү чабуул коюлаарын билдирди.

Бүгүн Ирактын мамлекеттик министри Казим Даоуд маалымат жыйынын өткөрүп, Моктад ас-Садрдын согушчандары кыска мөөнөттүн ичинде куралдарын таштап, Нажафтан чыгып кетпесе, шаарга коалициялык күчтөр жана Ирак өкмөтүнүн аскерлери тарабынан чечкиндүү чабуулдар башталаарын эскертти. Бирок, министр Нажаф шаарындагы имам Алинин мечитине чабуул коюлабы деген суроого так жооп берген жок.

Моктад ас-Садрдын өкүлү Шейх Ахмед ал Шейбани ас-Садр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экендигин бүгүн да билдирди. Бирок, АКШ президенттинин улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс “Биз ас-Садрга ишене албайбыз. Биз сөз жүзүндө гана эмес, иш жүзүндөгү аракеттерди көрүшүбүз керек”, -деп билдирди.

Ал эми Ирактагы козголоңчулар тобу эгерде 48 сааттын ичинде америкалык аскерлер Нажафтан чыгарылып кетпесе, барымтага алынган америкалык журналист өлтүрүлөт деп “Аль-Жазиира” телеканалы аркылуу бүгүн эскертишти. 36 жаштагы америкалык журналист Мика Гарн өзүн “Азапчылар бригадасы” деп атаган топ тарабынан өткөн аптада барымтага алынган.

Акыркы маалыматтарга караганда, америкалык аскерлер шийилер жашаган Садр сити районуна да киришти. Бул райондо 2 млнго жакын адам жашайт. Садр районунун Мохаммед аттуу тургуну “Азаттыктыктын” Ирактагы кабарчысына шаардагы кырдаалга байланыштуу мындай деди:

- Азыр шаардын тегерегинде көптөгөн аскердик транспорт, аскерлер турат. Көп сандагы аскерлер шаардын кире беришинде да турушат. Шийи аскерлери көчөлөрдө көрүнбөйт. Махди армиясынын аскерлеринин көпчүлүгү ушул шаарда.

Ал эми шийилердин Нажаф шаарында аткылашуулар уланууда жана бүгүн эрте менен кеминде беш жерде жардыруу болду. Шийилердин дин башчысы Моктад ас-Садр имам Алинин мечетинен чыгып кетүүгө даяр экендиги жөнүндөгү маалыматтар кечээ да, Багдадда өткөн улуттук конференциянын жүрүшүндө маалымдалган. Моктад ас-Садр эгерде Мехди армиясына мунапыс берилет деген кепилдик болсо жана чабуул токтотулат деп жарыяланса, ошондо куралды таштап, өлкөдөгү саясий жараяндарды колдой баштаарын билдирген. Ал эми Ирактын коргоо министри Нажафтагы жана башка шаарлардагы козголоңдор токтотулгандан кийин гана Моктад ас-Садрга жана анын тарапкерлерине мунапыс берилиши мүмкүн деп маалымдаган.

Бүгүн болсо, Ирактын өкмөтү Моктад ас-Садрдын Нажафтагы согушчандарына кыска мөөнөттүн ичинде куралдарын ташташын дагы бир ирет талап кылды. Нажафта шийи козголоңчулар менен америкалык жана Ирак өкмөтүнүн аскерлеринин ортосундагы салгылашуулар эки жумадан бери уланууда. Маалыматтарга караганда, андан бери 10дон ашуун америкалык аскер жана жүздөгөн согушчандар набыт болду. Бүгүн болсо, Хилла шаарында польшалык эки аскер набыт болуп, бешөө жаракат алды.

XS
SM
MD
LG