Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Майлуусууда уран калдыктарын зыянсыздандыруу боюнча терек стол өттү


ЖАЛАЛАБАД. Тегерек стол жыйынында уран калдыктары бир эле Майлуусуу шаарына эмес, бүтүндөй Фергана өрөөнүнө таасир этээри айтылды. ЕККУнун координатору Роберт Уимсон уран калдыктары жаткан жайларда атайын белгилер коюлбай, жергиликтүү калктын ал жөнүндө маалыматы жоктугун белгиледи. Дүйнөлүк банктын өкүлү Банк каржылаган долбоордун алкагындагы иш чаралар тууралуу маалымат берди. Кеңешмеге жергиликтүү жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Уран калдыктарын зыянсыздандыруу долбооруна Дүйнөлүк банк, Жапон жана кыргыз өкмөттөрү 11 млн. 761 миң доллар каражат бөлгөн. Майлуусууда 1946-68 жылдар аралыгында 23 жерге уран калдыктары көмүлгөн.

XS
SM
MD
LG