Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:28

Аялдар түрмөсүндө укуктук-маалымат борбору ачылат


БИШКЕК. Аялдардын Степное айылындагы №2 түрмөсүндө укуктук-маалымат борбору ачылганы жатат. Бул тууралуу бүгүн бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Υмөталиева билдирди. Бул борбор эркинен ажыратылган аялдарды компьютерге үйрөтөт, укуктук жардам берет, психологиялык жактан колдоо көрсөтөт.
Ассоциация ишке ашырып жаткан бул долбоорго ылайык аталган борбордогу компьютерлер интернет менен туташтырылып, аялдар түрмөсүнүн веб-сайты ачылат. Аталган борбор аялдарды түрмөдөн чыккандан кийинки жашоого ыңгайлаштыруу үчүн кызмат кылат. Аны Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча башкы комиссарлыгы жана өнүктүрүү программасы биргелешип каржылады. Мындай долбоор бир эле учурда Африка, Азия, Европа, Араб, Латын Америка өлкөлөрүндө ишке ашып жатат.

XS
SM
MD
LG