Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:46

Каракол шаарында ЕККУнун өкүлү журналисттер менен жолугушту


КАРАКОЛ. Жолугушууга облустун борборундагы эркин басылмалардын, радио уктуруулардын жана телеберүүлөрдүн, ошондой эле массалык маалымат каражаттарынын облустук ресурстук борборунун өкүлдөрү катышышты. ЕККУнун Бишкектеги кеңешчиси Питер Фельх жергиликтүү бийлик органдары менен журналисттердин байланышына жана өкмөттүк, эркин маалымат каражаттарынын материалдык- техникалык базаларына байланышкан маселелерге кызыкты. "Новая газета" эркин гезитинин редактору Татьяна Попованын айтымында, бийлик, күч структуралары жергиликтүү журналисттерге көңүл бурушпайт. Айрым маалыматтар элге толук жетпейт. Курч сын материалдар жазылбайт. Ал эми массалык маалымат каражаттарынын облустук ресурстук борборунун директору Рамис Маметовдун пикиринде, облустун аймагында эл аралык деңгээлде көтөрүп чыгуучу маалыматтар жокко эсе.

XS
SM
MD
LG