Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:21

«Пирамида» ТРК акциясынын бир бөлүгүн «Ареопаг» сатып алды


БИШКЕК. Кыргызстандагы орус тилдүү «Пирамида» телерадиокомпаниясынын акцияларынын бир бөлүгүн «Ареопаг» холдинги бир ай мурда сатып алган. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыкка» «Ареопаг-Бишкек» холдингинин башкы директору Эркин Жаманбаев билдирди. Анын айтымында, мындай кадамга холдинг экономикалык кызыкчылыкка байланыштуу гана барды жана ишкананын эч кандай саясий кызыкчылыгы жок.
Телерадиокомпаниянын акцияларынын сатылышына байланыштуу анын негизги акционерлери расмий билдирүү тарата элек. «Пирамиданын» таасирдүү журналисттеринин бири Александр Кулинскийдин айтымында, акция сатуу иши жабык болуп, чыгармачыл жамаатка эч кандай маалымат берилген жок.
«Пирамида» орус тилдүү алгачкы көз карандысыз телерадиокомпания катары 1991-жылы негизделген. Быйыл жазда ТРК убактылуу обого чыкпай, ал техникалык себептер менен негизделген. «Пирамиданын» жетекчилиги болсо муну саясий себептер менен байланыштырган билдирүү тараткан.

XS
SM
MD
LG