Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:35

АМЕРИКАДА БУШКА ИШЕНГЕНДЕР АЗАЙДЫ, БИРОК КУРАЛДЫН КҮЧҮН КОЛДОГОНДОР КӨП


Коомдук пикирди изилдөө уюмдары билдиргендей, Америкадагы президенттик шайлоого 10 жума калган чакта элди Ирактагы окуялардан улам тышкы саясат, коопсуздук маселелери мурда болуп көрбөгөндөй тынчсыздандырууда. Эксперттер америкалыктардын шайлоо алдында тышкы саясатка ушундай деңгээлде кызыгуусу буга чейин Вьетнам согушу маалында болгонун айтышат. Шайлоочулардын азыркы саясий активдүүлүгү эки башкы талапкер – Жорж Буш менен Жон Керринин кимисине утуш алып келерин айтуу кыйын.

Американын тышкы саясаты боюнча соңку сурамжылоо көрсөткөндөй, АКШда азыр президент Буштун Ирактагы саясатын колдобогондордун катары көбөйүүдө. Ошол эле маалда калктын жарымынан көбүрөөгү Ирактагы согуш туура башталган деген пикирде. Америкалыктардын басымдуу бөлүгү кооптуу өлкөгө каршы алдын-ала согуш ачуу - айрым учурларда максатка ылайык деп эсептешет.

Ушундай жыйынтыктар жакында АКШдагы маалымат каражаттары менен элдин пикирин изилдөө боюнча Пью борбору менен Тышкы мамилелер кеңешинин биргелешип жүргүзгөн сурамжылоосунун негизинде жарыяланды. Изилдөөнүн натыйжалары жарыяланган шаршембидеги маалымат жыйынында Пью борборунун директору Эндрю Кохут азыр америкалыктар арасында президент Буштун Ирактагы саясатын колдогондордун катары суюлуп, болжолдуу эсептер боюнча, калктын 43%ын түзөрүн билдирди. Салыштырмалуу айта кетсек, ырасми Вашингтондун Ирактагы аракеттерин былтыр жазында калктын 77%ы жабыла жактап чыккан. Бирок, азыр да америкалыктардын 53%ы Иракка каршы күч колдонуу чечими туура болгон деген көз карашта.

- Ирактагы согушту колдогондор азайды, бирок алардын басымы али күчүндө. Канчалаган окуялар өтсө да, дагы эле элдин көбү Америка Иракта өз аскерлерин кармап турушу керек деген ойдо, калктын калган жарымы кырдаал начарлап баратат, туура чечим кабыл алуу зарыл деп эсептейт.


АКШнын ар башка штаттарында жашаган 18 жаштан өйдө курактагы 2000ден ашуун адам тартылган сурамжылоо көргөзгөндөй, Вьетнам согушу аяктагандан бери алгачкы ирет президенттик шайлоо алдында элди экономикалык маселелерден көрө өлкөнүн тышкы саясаты, коопсуздук жагдайы катуу тынчсыздандырууда. Иликтөөнүн айрым өңүттөрү азыркы президент Жорж Буштун пайдасына чечилген. Алсак, суралгандардын 60%ы Буш - атаандашы Керриге караганда террорчулукка каршы кыйла чечкиндүү күрөшө алат деп белгилешкен. Ошондой эле алар Жорж Буштун тышкы саясатындагы башкы жетишкендиги катары – кооптуу өлкөгө каршы алдын-ала согуш ачуу демилгесин жогору баалашкан.


Сурамжылоонун башка бир жагдайлары демократ Жон Керриге упай алып келген. Маселен, сурамжылоого катышкандардын үчтөн экиси дүйнө жүзүндө Америкага карата урмат-сый жоголуп баратканын башкы проблема аташкан. Ошондой эле 60%ына жакыны Буштун командасын чатакты дипломатиялык жол менен жөнгө салгандан көрө ары-бери куралдын күчү менен чече койгонду колдойт деп сындашкан. Вашингтондогу тышкы мамилелер кеңешинин изилдөөчүсү Уолтер Рассел Мэд калк арасындагы көз караш-пикирлер улам өзгөрүп жатканын айтат.

- Эл Америка азыр кооптуу абалда турганын сезип жатат. Алар бул коркунучтарга кандай жооп берүү керек деген маселеде ар башка көз карашты карманууда. Айтор, эч кандай мыйзамдарга баш ийбеген душмандын коркунучу – америкалыктардын тышкы саясат, коопсуздук маселелерине болгон чоң кызыгуусун шарттап жатат.



Соңку сурамжылоо айгинелегендей, өкмөттүн тышкы саясатына карата ар башка көз караштагы америкалыктардын дээрлик бардыгы, же 90%нан ашыгы АКШнын башка мамлекеттерден оолактап, жеке өз алдынча өнүгүшүн каалашпайт. Алсак, суралгандардын 9%ы гана Америка дүйнөдөгү лидерлик ролунан баш тартышы керек деп айтышкан.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG