Бир нече жылдан бери салтка айлангандай, Түркмөнбашы абактыларга мунапысты Орозо айттын алдында берет. Ниязовдун билдиргенине караганда, быйылкы мунапыс 2002-жылы анын өмүрүнө кол салууга аркеттенгени үчүн соттолгондорго жайылтылбайт. Ал окуянын учурунда Ниязов жабыр тарткан эмес.