Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:23

Түндүк Корея кризисин чечүү үчүн Австралия да аракет көрүүдө


Австралиянын Пхеньянда эки күндүк иш сапары менен болгон тышкы иштер министри Александр Даунер бүгүн Гонконгдон буларды билдирди:

- Мен Түндүк Корея жетекчилигинин көңүлүн бурган нерселердин бири – сүйлөшүү жараяны АКШ менен Пхеньяндын талашына гана такалбашы керектиги. Түндүк Корея биздин Азия –Тынч океан чөлкөмүбүзгө таандык, мындан сырткары Евробиримдик да бар. Эгер Пхеньян өзөктүк программасын токтотсо, бүткүл эл аралык коомчулук Түндүк Кореянын экономикалык жана гуманитардык жардамга муктаждыгын эске алат.

Австралия-Түндүк Корея менен алакасы бар саналуу өлкөлөрдүн бири.

XS
SM
MD
LG