Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:00

МАГАТЭ Ирандын өзөктүк программасын текшерүүнү аякташы керек


Бул тууралуу бүгүн Ирандын тышкы иштер министри Камал Харрази билдирди. Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик АКШнын Иран өзөктүк курал жасоону көздөөдө деген маалыматтарын текшерүүдө. Ал эми Тегеран өзөктүк программа ага энергетикалык муктаждыгын канааттандыруу үчүн керек экенин билдирип келе жатат.Тышкы иштер министри Камал Харрази бүгүн мамлекеттик теле көрсөтүүдөн сүйлөгөн учурундай белгилегендей, МАГАТЭ көз каранды эмес экенин, маселени өзүнүн техникалык критерийлерине жана принциптерине ылайык чече аларын көргөзүшү керек. Иликтөөнүн улана бериши бул жерде саясий жүйө жана кысым бар деген шектенүүлөрдү күчөтүүдө. МАГАТЭ Ирандын өзөктүк программасы боюнча отчетун уюмдун 13 –сентябрда башталуучу жыйынында берет.

XS
SM
MD
LG