Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:34

Грузия Түштүк Осетиянын борборунун түндүк ыптасына сокку урду


Түштүк Осетиянын Басма сөз жана маалымат комитетинин башчысы Ирина Гаглоеванын "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна телефон аркылуу билдиргенине караганда, грузин тарап Цхинвали шаарынын түндүк ыптасын артиллериядан жана минемоттон аткылоону жергиликтүү убакыт боюнча саат 14тө баштаган. Цхинвалиге жакын жайгашкан Тамарашени кыштагынан жүргүзүлгөн аткылоонун натыйжасында курман болгондор бар. Ирина Гаглоеванын айтымында андай сокулардын биринен бир үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары: 14 жаштагы өспүрүм, 90 жаштагы аксакал, 70 жаштагы аял каза тапкан. Мунун алдында грузин тарап өткөн түнкү атышуулардан алардын үч аскери каза таап, жетөөсү жаракат алганын билдирген эле. Ушуну менен бир аптанын ичинде курман болгон грузин аскерлеринин саны 12ге жетти.

XS
SM
MD
LG