Ташкенде өтүп жаткан сотто террорчулуктан күнөөлөнгөн Фарход Казакбаев деген адам кечээ күнү билдирүү жасап, өзбек террорчуларынын башчысы Нажмиддин Жалоловдун Усама бин Ладен менен түз байланышы болгон деп айтты. Казакбаев - үстүбүздөгү жылдын март жана апрелинде Ташкен менен Бухарада ишке ашырылган террор аракеттерине катышкан деп соттолуп жатат. Анын айтымында, июлда Ташкендеги АКШ жана Израил элчиликтеринин алдында болгон жардырууларды Жалолов уюштурган жана ал өзү азыр Пакистанда.