Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Ирактын премьер-министри имам Муктада ас-Садрдан курал таштоону талап кылууда


Ирактын утурумдук премьер-министри Аяд Аллави кечээ күнү Нажаф шаарындагы имам Муктада ас-Садрга кайрылып, андан өкмөттүн чечимдерин аткарууну талап кылды: "Нажаф маселесин чечүүнүн жолу абдан жөнөкөй - Муктада ас-Садр улуттук конференциянын чечимдерин жана өкмөттүн шарттарын аткарып, куралын ташташ керек, анын жоокерлери куралсыздандырылып, ыйык жерлерден чыгып кетүүгө тийиш. Анын саясий жараяндарга кошулушу үчүн жетиштүү орун бар". Анткен менен премьер-министр курал таштоого эч мөөнөт койгон жок. Ал эми ички иштер министри Кассем Дауд мурда билдиргенге караганда, Садр бир нече сааттын ичинде курал таштоого тийиш. Америкалык аскерий учактар болсо кечээ күнү Нажаф жана Фаллужа шаарларын бомбалады. Ирактык согушкерлер Багдад шаарындагы АКШ элчилигинин имаратына мина атты.

XS
SM
MD
LG