Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:49

ОРУСИЯЛЫК ГЕЗИТТЕР МУРУНКУ АПТА ИЧИ ЭМНЕЛЕР ТУУРАСЫНДА КӨП ЖАЗДЫ?


Муса Мураталиев, Москва

Красная звезда, бейшемби күнү, “Жер жүзү согушсуз болсун” деген аталышта макала басып, анда, май айынын 8-и менен 9-у күнү бардык элдер эсиндеги жана жарашуу күнү деп таанып, жыл сайын ал белгиленсин деген сунуш менен КМШ жамааты – арасында Кыргызстан да бар – БУУга кайрылды деп жазат. Каттын жердигинде: “Дүйнө элдери 2005 жылы фашизмдин кара жоосун жеңгенге 60 жыл толгондугун майрамдашат. Экинчи дүйнөлүк согушта Улуу жеңиш көптөгөн элдердин күчү менен орнотулган. Ал эл аралык коомчулуктун мурдагыдан бекем камыржумур болушуна алып келди. Ошол себептен Бириккен улуттар уюму түзүлгөн”, - деп жазылган. Ошондой эле кайрылуу БУУнун баш катчысы Кофи Аннанга жиберилген.

Орусияда ГКЧП төңкөрүшү чыкканга 13 жыл толду. Ал окуяга байланыштуу макалалар абдан көп ошол себептүү коомчулук пикирин иликтөөчү “Левада борборунун” социологу Ирина Палиловага кайрылганыбызда:

- Азыр орусиялыктардын көпчүлүгү – (бизге жооп бергендердин - ММ) 42 пайызы - ал окуяны, бийликте, жогорку орундарда олтургандар кагылышы катары кабылдашат. Сурамжылангандар ичинен 36 пайызы аны элди бөйдө жакырчылыкка дуушар кылган апаатат катары кабылдашат. 11 пайыз киши гана 1991 жылкы путчту жеңүү менен өлкө демократиялык жолго түштү деп түшүнүшөт.

Коммерсант гезити жума күнү Анатолий Чубайстын иш сапар карытып Кыргызстанга барып келгенине арнап көлөмү кенен макала басты. Анда кыргыз электр станцияларын пайдаланууда РАО “ЕЭС” экинчи жетекчи болуп калары кеп болот. Маскөөлүк ишкер, Бишкекте, Николай Танаев менен жолугуп, Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна орусиялык тарап каражат кошо турганын айткан.

Ошол эле жерде кыргыз электр кубаты Орусияга, Казакстанга, Өзүбекстанга, Кытайга сатыла тургандыгы маалым болот.

Жайнаган кабарлар арасында Псков калаасында президент Владимир Путиндин эстелиги ачылгандыгы көңүлдү өзүнө бургузду. Эмне дегенде, аны, “псковдук президентти колдоо уюму” акча топтоп, уюттуруп, кечөө б.а. 19 августта балдар ооруканасынын алдына тургуздурушуптур. Бирок аны ал жерге тургузуу үчүн калаанын мэри уруксат бербегендиктен кайра алдырып салыптар. Кабарчы Анна Липининанын айтканына караганда:

“Түндө эстеликти милиционер кайтарып чыккан. Эртең менен эстеликти (жеригилктүү бийлик – ММ) алдыртып салды”, - деди биздин кабарчы.

Улам жазылып аткан макалалардын дагы бир тобу Маскөө менен Кавказ алакасы болууда. Известия жума күнү жарыялаган “Цхинвали алдында ачылганы аткан согуштун башталышына бир кадам калды” деген макалада андай мамиле сүрөттөлөт.

“Түштүк Осетияда согуш күнү түнү жүрүп атат . Бирок расмий Тблиси , Цхинвали, Маскөө аны согуш деп айтыштан качып “куралы барлар ортосунда кармаш” деп эл көңүлүн жооткотушууда”, - деп айтылат.

Ал жерде 19 августа Кабарда-Балкар жеринен болгон кол салууну талдап келип, бул жалпы Кавказ аймагы боюнча жайылып бараткан көрүнүш экени кеп болгон. Бир жеринде 2002 жылы президенттер Владимир Путин менен Жорж Буш чогуу олтуруп жаңы стратегиялык катнаш боюнча түзүлгөн декларацияда жергиликтүү кагылыштарды эки тарап бирдей аракет жазап ымалага келтирүү маакулдугу берене болуп кирген. Андай кагылыш чыга турган жерлер деп : Абхазия, Тоолу Карабак, Приднестровье тизмеге алынган. Ал тизмеде Түштүк Осетия жок. Ошондуктан анын ички маслети бир гана Маскөөнүн кийлигишүүсү астында басбас болушу ылаажым делинет ал жерде.
XS
SM
MD
LG