Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

ПИРАМИДА САТЫЛДЫ. САЯСАТЫ ӨЗГӨРӨБҮ?


“Пирамида” телеканалынын акциясынын бир бөлүгүн “Ареопаг Бишкек” компаниясы сатып алгандыгы кабарланды. Жалгыз көз карандысыз телеканалдын башка колго өтүшү өлкөнүн маалымат мейкиндигине, келечектеги шайлоолорго кандай таасир этет?

“Пирамида” телеканалынын уюштуруучулары телекомпания эч кимге сатылбашын 9-июлда эле билдирип чыгышкан. Бирок эми айкын болгондой, мына ошол мезгилде телеканалдын акциясынын бир бөлүгүн сатуу боюнча сүйлөшүүлөр кызуу жүрүп жаткан экен. Дегеле, көз карандысыз эксперттер белгилегендей, “Пирамида” телеканалын “үйбүлө” колуна алуу аракети 17-марттан тарта айкын байкалган. Дал ошол учурдан тарта техникалык себептерге шылтоолонуп, “Пирамиданын” метрдик диапазондо өз толкундарын таркатуусу токтотулган. Телеканалдын башкы редактору Элина Чернявская муну саясий себептерге байланыштуу жасалган акция катары баалаган.

Мына эми “Пирамиданын” уюштуруучуларынын катарында өзгөрүүлөр пайда болуп, анын айынан каналдагы белгилүү журналисттер кызмат которуп кете баштады.Мына ушул окуяларга байланыштуу телеканалдын эң көрүмдүү берүүсү “Биздин убакыт” токтотулду. Бул берүү аркылуу өлкөдөгү оппозициялык маанайдагы саясатчылар экран аркылуу элге өз пикирлерин айтууга мүмкүнчүлүк алчу эле. Берүүнүн алып баруучусу, “Пирамиданын” белгилүү журналисттеринин бири Александр Кулинский кызматтан кетүү жөнүндө арыз бергенин билдирди:

-Ооба кызматтан кетеримди билдирген арыз жазып бердим. Менин маалыматым боюнча, телеканалдан дагы төрт журналисттин кетери белгилүү.

Каналдын акциясы сатып алгандар ким экендиги белгилүүбү деген суроого Кулинсикий минтип жооп берди:

- Алардын ким экендигин так билдирген факты менде жок. Бирок менин боолголоом боюнча, алар президенттин үйбүлөсүнүн мүчөлөрү.

Мына ушул өзгөрүүлөр өлкөдө эми күч ала баштаган шайлоо жараянына, маалымат эркиндигине кандай таасир тийгизет деген суроо менен бир катар саясатчыларга кайрылдык. “Акыйкат жана прогресс” партиясынын лидери Муратбек Иманалиев:

- Менин оюмча жаман таасир этет. Анткени сөз эркиндиги деген, саясий, маалыматтык плюрализм деген жоюлуп атат. Албетте, эми “Пирамидадан” бийликти мактоолор көбөйөт.Ал эми оппозиция өкүлдөрүн жамандоо күчөйт. Шайлоо башталганда оппозициялык саясатчыларга сөз берилбейт.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, “Менин өлкөм” партиясынын лидерлеринин бири Оксана Малеванная “Пирамиданын” акциясынын бир бөлүгүнүн сатылышы тууралуу мындай оюн билдирди:

- Чындыгын айтканда мен бирдемке айткым келбейт.Анткени, биринчиден, мен ал жерде мурда иштегенмин. Экинчиден, “Пирамида” мурдагыдай таасирлүү болбой калган. Эми ал жерге “үйбүлө” келген болсо-анда “Пирамиданын” толук өлгөнү.

Оппозициялык маанайдагы “Арнамыс” партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиевдин пикири мындай болду:

- Эгерде “Пирамиданын” ээси алмашып, саясаты өзгөргөн болсо-анда мунун келерки жылдагы шайлоого таасири күчтүү болот. Анткени “Пирамидадан” маалымат алган кишилер маалыматсыз калышат.

Анын айтымында, “КООРТ” телеканалы президенттин үйбүлөсүнө таандык. Эми ага “Пирамиданын” кошулушу менен бийлик ээлери маалымат мейкиндигинде толук үстөмдүккө ээ болуу менен бийлигин андан ары сактап калууга аракеттенүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG