Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:04

ЭКОНОМИКА АЛДЫДА – ТУРМУШ АРТТА


Кыргызстанда экономикалык өнүгүш ырааты мыкты экени, өткөн жылга салыштырмалуу көрсөткүчтөр көңүл кубантарлык болуп атканын өкмөт байма-бай айтып келет. Анткен менен минималдуу эмгек акы азырынча 100 сомдон өйдө көтөрүлө элек. Бюджет көзүн караган калктын айлык акысы төмөн бойдон калууда. Негизинен чийки зат сатууга ыңгайлашкан өлкөнүн экономикалык өнүгүшүн ургаалдуу деп айтууга болобу?

Туруктуу экономикалык өнүгүүгө жетишүү, жакырчылыкты жоюу – кыргыз өкмөтүнүн учурдагы стратегиялык максатына айланууда. Анын себеп-жөнү деле белгилүү. Эларалык каржы уюмдарынын кедей өлкөлөргө деп бөлүнчү көмөгү экономикалык туруктуу өнүгүү жана жакырчылыкты жоюуга жетишүү шарты менен берилет.

Кыргыз өкмөтү жарым жыл ичинде инфляция деңгээлин 1% ашырган жок. Аны жарым жылдыктын жыйынтыгы чыгарыла электе Улуттук банк төрагасы Улан Сарбанов озунуп маалымдаган.

- Жөнөкөй тил менен айтканда, инфляция быйылкы беш айдын ичинде болжол менен 0,8% түздү. Муну Улуттук статистика комитети да ырастады. Башкача айткандa, май айында инфляция 0,1% түштү. Муну кантип мүнөздөөгө болот? Биринчиси, керектөө баасынын түшүшү, жашылча-жемиштердин 10% арзан сатыла баштагандыгы.

Улан Сарбановдун айтымында, жашыл-жемиштердин баасы адатта август-сентябрь айларында төмөндөчү, бул ирет кыйла эрте - май айында баа түштү. Улуттук банк төрагасынын ырасташынча, инфляция беш ай ичинде Орусияда 5,1%, Казакстанда 2,1% түзгөн.

Каржы министри Болот Абилдаевдин ырасташынча, ириде макроэкономикалык туруктуулукту кармап туруш керек.

- Себеп дегенде, биринчи иретте мүмкүн болушунча макроэкономикадагы туруктуулукту кармап туруш керек. Экинчиси – тышкы карыздарыбыз.

Эларалык валюта корунун миссия жетекчиси Тапио Саавалайнен Кыргызстандын тышкы карыздарынын айрымдарынын кечилиши, калгандарынын төлөө мөөнөтүнүн артка жылдырылышы экономикалык өнүгүш арымына жараша чечилчү маселе.

- Кыргызстандын жалпы карызы 1,8 миллиард долларды түзөт. Эларалык валюта кору алдындагы карызы 200 – 220 миллиондун тегерегиндеги акча, - дейт Тапио Саавалайнен.

Өкмөт өзгөчө үмүт арткан ыкчам экономикалык өнүгүшкө жетишүүнүн артында кандай маселелер катылып турат? Жалалабад коммерция-экономика институтунун деканы, илимпоз Сатыбалды Өмүрзаковдун ырасташынча, экономикалык өнүгүш көрсөткүчтөрүн эки жагынан кароо керек.

- Биринчи жагы мындай. Ички дүң продуктунун өсүшү үчүн эң биринчи кезекте өндүрүштө, өнөр жайда ошол пахтаны өстүрүп, аны кайра иштетип, андан соң пахтаны ошол эле жерден кездемеге айландырып, даяр кийим тигип, материалга айлантып, анын сатса – ошондо ИДП көбөйгөн болот. Мен өндүрүш жагын белгилеп атам. Биз ИДП жылдан-жылга мынча пайыз көбөйдү деп айтып атабыз. Анткен менен салык чогултуу көбөйбөй жатат. Ошого жараша өкмөттүн бюджетине акча түшүш керек. Киреше көбөйгөн сайын бюджетте иштегендердин айлыгы көбөйүшү керек. Мына, он жылдан ашып баратат. Минималдык айлык акы 100 сом бойдон калууда. Бул керек болсо бир күндүк эмес, түшкү тамакка кетчү акча. Ушунун өзү эле экономиканын өнүкпөй жатканын айгинелөөчү көрсөткүч.

Азырынча бул жаатта аткарылган иштерге караганда алдыда жасалчу милдеттер арбын.
XS
SM
MD
LG