Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:36

Ассоциация шайлоого талапкерлерди даярдады


БИШКЕК. Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасы баш болгон бир катар эл аралык уюмдар менен Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясы 10-октябрда өтө турган жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкер болууну каалаган 300 чамалаш аял үчүн семинарларды уюштурушту. Бул тууралуу ассоциациянын төрайымы Токтайым Υмөталиева билдирди. Анын айтымында, региондордогу семинарлардын жүрүшүндө талапкерлердин укук-милдеттери тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Υмөталиеванын айтымында, ассоциация мындан тышкары шайлоо өнөктүктөрүнүн учурунда ар бир шайлоо участкаларына бирден байкоочу коюу максатын көздөп жатат. Борборшайлоокомдун айтымында, республика боюнча 2000 шайлоо участогу бар.

XS
SM
MD
LG