Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:44

Саясий партиялардын облустук лидерлери шайлоо адилеттүү өтөөрүнөн күмөн санашууда


КАРАКОЛ. Мындай пикирди алар ЕККУнун Бишкек борборундагы кеңешчиси Петер Фельх менен жолугушуу учурунда билдиришти. Маселен, социал-демократиялык саясий партиясынын облустагы бөлүмүнүн лидери Догдурбай Мусабековдун айтымында, алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоого саясий партиялардын активдүү катышууларына эмитен эле бөгөт коюлууда. Ал эми «Асаба» кайра жаралуу партиясынын атынан өз пикирин билдирген Канымет Жакыпбектегин болсо, облустук шайлоо комиссиясы оппозициячыл маанайдагы саясий партияларды округдук шайлоо комиссиялардын курамына киргизүүдөн караманча баш тартты. Канимет Жакыпбектегиндин пикиринде, облустук шайлоо комиссия төрагасынын бардык саясий партиялар менен тыгыз иштейбиз деген маалыматы чындыкка жакындашпайт.

XS
SM
MD
LG