Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Кыргызстандын каратэ федерациясынын дооматына Германия элчилиги жооп кайтарды


БИШКЕК. Косики-каратэ боюнча кыргызстандык команданын мүчөлөрүнүн Грекиядагы 17-23-августтагы Дүйнө чемпионатына катышуу үчүн виза албай калышына байланыштуу Германиянын элчилигине коюлган дооматтар негизсиз. Ушундай мазмундагы билдирүүнү Германия элчилиги бүгүн таратты. Анда белгиленгенге караганда, каратэчилердин документтери толук даярдалбагандыктан, виза берилген эмес. Билдирүүдө ошондой эле элчилик кызматкерлердин деңгээли аткарган ишине төп келбейт деген дооматка макул эместигин белгилеген.
Кыргызстандын каратэ боюнча улуттук федерациясы кечээ элчиликтин кызматкери Тисс айымдын ишине баа берүү суранычы менен Германия өкмөтүнө кайрыларын жарыялаган. Федерациянын вице-президенти Эсеналиев Таалайдын айтымында, элчилик 12 спортчуну шенген визасы менен негизсиз эле камсыздабай койгондуктан, бул топ Афинадагы эл аралык каратэ мелдештерине катыша албай калды. Эсеналиев мындай мамилени Кыргызстандын аброюна доо кетирүү катары баалап, бардык материалдык-моралдык чыгымдар үчүн Германиянын Кыргызстандагы элчилигинен кеминде 100 миң доллар компенсация жана кечирим суроону талап кыларын билдирген.

XS
SM
MD
LG