БИШКЕК. 27-августта Москва шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин Экономикалык кеңешинин 21-отуруму болот. Жыйында 14 маселе каралышы күтүлүүдө. Алардын катарында мамлекеттер аралык лизингди өнүктүрүү, соода-экономикалык кызматташуу багытындагы маселелер бар. Ошондой эле Экономикалык кызматташтыкка терс таасир тийгизүүчү жагдайлар тууралуу КМШнын аткаруу комитети маалымат берип, соода-экономикалык кызматташуунун укуктук-нормативдик базасын өнүктүрүү маселеси талкууланат. 2010-жылга чейин дан эгиндерин бирдиктүү соода-сатык жүргүзүүгө байланышкан маселе да каралышы күтүлүүдө.
КМШ мамлекеттеринин Экономикалык кеңешинин 21-отурумунда талкууланып, колдоо тапкан документтер КМШ мамлекет башчылардын 15-16-сентябрда боло турган Астана жолугушуусунун күн тартибине коюлмакчы. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн эл аралык кызматташтык бөлүмүнөн билдиришти.