Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Банктар аралык кызматташуунун жаңы багыттары


БИШКЕК. Улуттук банк менен Россия федерациясынын борбордук банкы Кредиттик уюмдардын ишмердүүлүгүн банктар аралык көзөмөлдөө боюнча кызматташуу багытында келишимге кол коюшту. Келишимге ылайык кылмыш жолу менен табылган акча кирешелерин адалдоого жана финансылык террорчулукка каршы иш чаралар биргелешип жүргүзүлөт. Ошондой эле бир катар мамлекеттердин өлкө ичинде иш жүргүзгөн банктарынын ишкердүүлүгүнө көзөмөл кылуу, маалымат алмашуу, банктарды лицензиялоодогу маселелер биргелешип чечилет. Келишимге Орусиянын борбордук банкынын төрага орун басары Андрей Козлов, Кыргызстан тараптан Улуттук банктын төрага орун басары Гүлзара Өмүрзакова кол коюшту. Бул тууралуу бүгүн Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.

XS
SM
MD
LG